Ошто мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү салтанаттуу белгиленди
Бүгүн Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү белгиленди.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Сураган Босумбаев, Ош шаарынын мэринин орун басарлары, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошкон бир катар кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары, ыраазычылык барактары тапшырылды.
Ошондой эле мэр жаш муниципалдык кызматкерлерге белектерди тапшырып, ийгилик каалады.
Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында Ош шаардык кеңешинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, профсоюздун, Ош шаарынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү куттукташып, белектерин тапшырышты.
Маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.
Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы жыл сайын салтанаттуу белгиленип келет. Бул майрам БУУнун Ассамблеясы тарабынан 2002-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.
