Саламаттык сактоо министри Сиань шаарындагы алдыңкы клиникаларга барды
26 апрель

Саламаттык сактоо министри Сиань шаарындагы алдыңкы клиникаларга барды

Бүгүн, 2025-жылдын 26-апрелинде, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Кытайда өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин Сегизинчи жыйынына катышуу алкагында Сиань шаарындагы эки алдыңкы медициналык мекеме — Сиань элдик ооруканасына жана Сианьдын Төртүнчү ооруканасына барды.

Министр клиникалардын заманбап технологияларын жана офтальмология, акушердик жана гинекологиялык кызматтар, нейрохирургия, урология жана башка багыттардагы жетишкендиктерин жогору баалады. Ошондой эле хирургиялык роботторду колдонуу, авиациялык шашылыш жардам көрсөтүү каналдарын уюштуруу жана балдар ооруларынын алдын алуу боюнча ири программалардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Сапардын жүрүшүндө Эркин Чечейбаев трансплантология тармагындагы кызматташуунун келечегин жана Бишкек шаарында медициналык шаарча куруу максатында тажрыйба алмашууну талкуулады.

Мындан тышкары, министр учурда Сианьдын Төртүнчү ооруканасында бир айлык стажировкадан өтүп жаткан Ош аймактар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасынын алты дарыгери менен жолукту.

Кыргызстандык дарыгерлер интервенциялык хирургия, урология, офтальмология жана башка алты багыт боюнча англис тилинде билим алышууда.

Жолугушуу учурунда министр Чечейбаев стажировканын жогорку деңгээлде уюштурулганын баса белгилеп, алынган билимдер менен тажрыйбалар Кыргызстандын медициналык практикасында ийгиликтүү колдонуларын айтты.