Алты айда ОСАГО боюнча 13 млн сомдон ашуун төлөм төлөндү
«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» АК 2025-жылдын алты айында ОСАГО боюнча 13 миллиондон ашуун сом төлөп берди.
Аталган уюмдун камсыздандыруу төлөмдөрү жана компенсациялары башкармалыгынын башчысы Азатбек Осмоналиевдин айтымында, өлкө ичинде мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан тышкары 15 жеке уюмдар бул жаатта иш алып барат. Ал эми төлөмдүн жалпы суммасы «глобалдык» болот.
«Автоунаа камсыздандырылган учурда үчүнчү тарапка мисалы, автоунааны оңдоодон өткөрүү үчүн 150 миң сом төлөнүп берилет. Бир нече автоунаа кырсыкка кабылган чакта, ар бир автоунаага 150 миңден берилет, бирок жалпы сумма 450 миң сомдон ашпоого тийиш», – деди ал.
Белгилей кетсек, ОСАГО полисин алуу Кыргызстанда милдеттүү түрдө киргизилди. Ал жок болгон чакта, физикалык тарапта – 3 миң сом, юридикалык тарапка – 13 миң сом айыппул чегерилет.
