Эми сиз үйдөн чыкпай эле паспортуңузду калыбына келтире аласыз
2024-жылдын 15-ноябрынан тарта Санариптик өнүктүрүү министрлиги ID-паспортторду алмаштыруу үчүн жаңы онлайн-сервисти ишке киргизди.
Эми Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу үйдөн чыкпай эле паспортту жаңырта аласыз.
Сервис 2017–2024-жылдары чыгарылган ID сериясындагы жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорту бар жарандар үчүн жеткиликтүү. Эгерде сизде эски AN сериясындагы паспорт болсо, анда алмаштыруу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна кайрылуу керек болот.
Кантип арыз берүүгө болот?
- Tunduk тиркемесин ачып, «ID-картаны алмаштыруу» бөлүмүн тандаңыз.
- Алмаштыруу себебин көрсөтүңүз: жоголгон, бузулган, мөөнөтү бүткөн же маалыматтарды жаңылоо.
- Тиркеме аркылуу фото-идентификациядан өтүңүз.
- Жаңы паспортту ала турган КТБны тандаңыз
Мамлекеттик төлөмдү онлайн төлөңүз — ыңгайлуу жана тез.
Документтер 1ден 3 күнгө чейин текшерилет. Паспорт даяр болгондо, тиркеме аркылуу кабарлама аласыз.
абарлама келгенден кийин, тандаган КТБга барып, оригинал документтериңизди көрсөтүп, жаңы ID-паспортту ала аласыз.
