Бишкекке жакында дагы 50 электробус алып келинет
3 апрель

Бишкекке жакында дагы 50 электробус алып келинет

Бишкекке май айында 50 электробус алып келинет. Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорттук ишканасынын» директору Талант Капаров билдиргендигин «Кабар» агенттиги жазды.

Анын айтымына караганда, Кыргызстанга Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында 50 млн 650 миң доллар бөлүнүп берилген. Анын 25 миллиону кредиттик негизде, ал эми 25 млн 650 миңи гранттык негизде.

«Аталган долбоордо негизги төрт компонент бар. Анын биринчи компоненти ушул сиз белгилеп өткөн электробустар. Электробустар Кытайдын Anhui Ankai Automobile Company компаниясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында алынып келүүдө. Дагы 118 электробус алып келинет, жалпысынан 120 электробус. Алгачкы эки электробус айдоочуларды окутууга жана даярдоого, ошондой эле жаңы транспорттук технологияларды көрсөтүүгө арналган. Учурда келе турган электробустарды кабыл алуу үчүн инфраструктураны даярдоого багытталган реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Реконструкцияга заманбап электр заряддоочу каражаттарды орнотуу жана автобазаны электробустардын эффективдүү иштөөсүнө ылайыкташтыруу камтылган. Май айынын аягында 118 электробустун 50сү, ал эми күз айында калган 68 электробус келет», – деген ал.

Талант Капаров электробустарды киргизүү долбоору Бишкектин экологиялык жактан таза коомдук транспортун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналарын жана жүргүнчүлөрдү ташуунун сапатын жогорулатууга багытталгандыгын кошумчалады.