Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Кыргызстанга келет
26 апрель

Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Кыргызстанга келет

27-апрелде Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлайт. 

29-апрелге чейин улана турган расмий сапарынын алкагында Нуман Куртулмуш Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошону менен катар жолугушууда парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган документке кол коюлары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Түркиянын парламентинин төрагасынын бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулары да пландалган. 

Эскерте кетсек, Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстанга алгач ирет расмий сапар менен келүүдө.