Транспорт министри Ош–Баткен–Раззаков жолунун курулушунан кабар алды
26 апрель

Транспорт министри Ош–Баткен–Раззаков жолунун курулушунан кабар алды

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев бүгүн, 26-апрелде Ош–Баткен–Раззаков автоунаа жолунун 47-75-чакырымга чейинки бөлүгүндөгү курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көзөмөлдөдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Министр курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүү керектигин белгилеп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

«Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, иштер бардык талаптарга жана бекитилген графикке ылайык аткарылууда.

Эске салсак, 2024-жылы Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 34+400-40+400-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери аяктаган.

Асфальт төшөө иштери менен катар Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 63 (Абшыр-Сай) жана 43-чакырымындагы (Чили-Сай) эки көпүрөнүн курулуш иштери жыйынтыкталып, колдонууга берилген.

Белгилей кетсек, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 0-75-чакырымдар аралыгы Ош облусунун аймагында жайгашкан. Анын ичинен 0-6-чакырымы Ош шаары, 6-11-чакырымы Кара-Суу району, 11-75-чакырымы Ноокат району (38-41-чакырымы Ноокат шаары) аркылуу өтөт.