Токтогул райондук ооруканасына кошумча 3 кабаттуу жаңы корпус курулууда
2 декабрь

Токтогул райондук ооруканасына кошумча 3 кабаттуу жаңы корпус курулууда

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы райондук ооруканага кошумча 3 кабаттуу жаңы корпус курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, курулуш министри Нурдан Орунтаев курулуш иштери менен таанышты.

Курулуш иштери ушул жылдын октябрында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен башталган.

Бүгүнкү күндө жер казуу иштери толук аяктап, курулуштун кийинки этабы башталды.

Долбоорго ылайык, 100 койкалуу кошумча корпус үч кабаттан турат. Ошондой эле жертөлөсү да бар. Имараттын жалпы аянты 3863,57 чарчы метр.

Долбоор ишке ашкандан кийин район тургундары үчүн медициналык тейлөөнүн сапаты жогорулап, бейтаптарды кабыл алуучу орундар кеңейип, ооруканадагы шарттар бир топ жакшырат.

Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Ал эми корпустун долбоору Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыкты.