Кара-Суу шаарынын жолдору кеңейтилет
Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы негизги Ленин жана М.Абдыкеримов көчөлөрүн кеңейтүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты.
Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, долбоордо жалпы узундугу 6300 метрди түзгөн көчөнүн транспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу каралган.
Унаа жолун 6 тилкеге чейин кеңейтүү пландалган, анын орточо туурасы 19 метрди түзөт. Жолдун эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн 2,5 метрлик тротуар, 2 метрлик веложол жана 2 метрлик жашылдандыруу тилкелери каралган.
Долбоор Шаар куруу жана архитектура департаментинин Кара-Суу шаардык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.
Мындай долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу аймактардагы инфратүзүмдү жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.
