Панфилов районундагы Верхний каналына бетон полотносу төшөлүүдө
Панфилов районунда жайгашкан Верхний каналы боюнча капиталдык оңдоо иштери активдүү фазада жүрүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, 1949-жылы курулган бул каналдын жалпы узундугу 16,2 км түзүп, 2071 гектар сугат аянтын суу менен камсыз кылууда. Аймактагы дыйкандар үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон каналдын натыйжалуу жана туруктуу иштеши айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн түздөн-түз жогорулатуучу маанилүү фактор болуп саналат.
Панфилов райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан каналга жалпы 700 метр бөлүгүнө бетон полотно төшөө пландалган.
Бүгүнкү күндө 400 метр бетон полотносу ийгиликтүү төшөлдү. Бул агын суунун жоготууларын азайтууга, сугат тармагындагы натыйжалуулукту жогорулатууга жана дыйкандарга керектүү сууну өз убагында жеткирүүгө шарт түзөт. Капиталдык оңдоо бүткөндөн кийин каналдын иштөө ресурсу кыйла артылып, сугат системасынын ишенимдүүлүгү жогорулары күтүлүүдө.
