17-ноябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосунда кантип добуш берүү керек?
15 ноябрь

17-ноябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосунда кантип добуш берүү керек?

Шайлоого Кыргызстандын 18 жаштан жогору жарандары катыша алат. Шайлоо күнү сиз:

  • эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштеген өзүңүздүн шайлоо участкаңызга келишиниз керек.
  • Шайлоо тизмесинен өзүңүздү табыңыз.
  • Операторго паспортуңузду көрсөтүңүз. Ал ID-карта же чет өлкөгө чыга турган паспорт, же " Түндүк "системасындагы ID-картанын электрондук түрү болушу мүмкүн.  Оператор сизди биометрикалык жана персоналдык маалыматтар боюнча идентификациялайт. Аныктоодон кийин, аппарат сизге чек жана шайлоо бюллетенин берет.
  • Чекти участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө өткөрүп берип, шайлоочулардын тизмесине кол коесуз.
  • Шайлоо бюллетениңиз менен добуш берүү кабинасына өтөсүз.
  • Эгерде сиз шаардык кеңештин депутаттарын шайлап жатсаңыз, бюллетенде добушуңузду бере турган партияны тандаңыз. Эгерде сиз айылдык кеңештин депутаттарын шайлап жатсаныз, анда талапкерлерди тандаңыз.
  • бюллетенинизди автоматтык түрдө окуган урнага киргизиңиз.

Татыктууну тандаңыз! Ар бир добуш маанилүү!

 Шайлоо участогунун номерин жана дарегин 119, 1255 номерине чалып  билсеңиз болот