Транспорт министрлигинин 2025-2030-жылдарга карата иш пландары талкууланды
3 апрель

Транспорт министрлигинин 2025-2030-жылдарга карата иш пландары талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – муу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында көчмө жыйын өттү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-2030-жылдарга аткарылуучу иш пландары каралган жыйынга министр Абсаттар Сыргабаев, орун басарлары жана бөлүм башчылар катышты.

Министрлик тарабынан келерки 5 жылдыкта ишке ашырылуучу негизги багыттар боюнча иш-аракеттери жана күтүлүп жаткан натыйжалар айтылды.

Талкуунун жүрүшүндө транспорттук тармактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, жол-транспорттук коопсуздукту жогорулатуу, санариптик технологияларды жакшыртуу маселелери көтөрүлдү.

Жыйынтыгында министрликке тиешелүү тапшырмалар коюлуп, ишти натыйжалуу аткаруу белгиленди.