Төрага Бишкектеги тейлөө кызматтарынын баасын көзөмөлдөө тапшырмасын берди
Жогорку Кеңештин 3-апрелдеги жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаевге Бишкек шаарындагы тейлөө кызматтарынын баасын көзөмөлдөө тапшырмасын берди.
“Кыргызстанда, анын ичинен борбордо тейлөө кызматтарынын баалары өтө кымбаттап кетти. Алсак, кафе, ресторан, чач тарач, такси баштаган тейлөө кызматтарынын наркы өтө жогору. Силер ушул жагдайга бир сыйра мониторинг жасап чыгышыңар керек. Азыр биздеги баалар дүйнөдөгү мегаполис шаарлардан ашып кеткен учурлар болууда. Ошол эле Стамбул, Москва өңдүү ири калаалардагы айрым тейлөө кызматтарынын бааларына караганда биздики өтө кымбат” – деген төрага негизсиз баанын жогорулашы калктын капчыгына оорчулук туудуруп жатканын кошумчалады.
Бирок ал жеке ишкерчиликке жана бизнеске тоскоолдук жок экендигин эскертти.
“Анткени менен тейлөө тармагынын асмандаган баасын реалдуулукка алып келишибиз шарт. Атайылап наркын эки, үч эселеп көтөрүп, оюна келген бааны койгон көрүнүштөрдү көрүп жатабыз”, – деди Нурланбек Тургунбек уулу.
