“Манас” аэропортуна биринчи жолу Кытайдын жүк ташуучу учагы келип конду
16 июль

“Манас” аэропортуна биринчи жолу Кытайдын жүк ташуучу учагы келип конду

Бүгүн "Манас" аэропортуна биринчи жолу Кытайдын алдыңкы авиакурулуш концерни чыгарган заманбап жүк ташуучу кууш фузеляждуу реактивдүү учагы келип конду.

Бүгүн “Манас” аэропортуна Кытайдын алдыңкы учак чыгаруучу COMAC (Commercial Aircraft Corporation of China) тарабынан чыгарылган заманбап тар фюзеляждуу жүк ташуучу COMAC C919 учагы биринчи жолу учуп келип конду.

Каттам YTO Airlines авиакомпаниясы тарабынан аткарылды. Бул маанилүү кадам Кыргызстандын авиациялык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн жаңы этабын белгилейт жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эл аралык кызматташтыкты бекемдейт.

Учурда үзгүлтүксүз каттамдардын графиги түзүлүүдө жана жакынкы аралыкта жарыяланат.