Бийик тоолуу аймактардын тизмеси жаңыртылды: 33 калктуу конуш кошулуп, 61и чыгарылды
23 июнь

Бийик тоолуу аймактардын тизмеси жаңыртылды: 33 калктуу конуш кошулуп, 61и чыгарылды

Кыргызстанда бийик тоолуу айылдардын тизмеси бекитилди. Буга байланышкан токтом долбоору Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында каралды. 

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министринин орун басары Ализа Солтонбекованын айтымында, бийик тоолуу аймактардын тизмесине деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкан 33 айыл кирди. 

“Жүргүзүлгөн инвентаризацияланган иштердин жыйынтыгы боюнча, эки калктуу конуш: Түп районундагы Токтоян жана Алай районундагы Арал айылы бийик тоолуу аймакка кошулду. Жалпы 33 калктуу конуш бийик тоолуу аймактардын тизмесине жаңы киргизилди. Ошондой эле, 61 калктуу конуш бийиктиги 1800 метрден төмөндүгүнө байланыштуу, тизмеден чыгарылды. Жалпы 436 конуш бийик тоолуу аймак болуп эсептелинди”, – деди Солтонбекова. 

Белгилей кетсек, токтом долбоору Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген.