Нарын облусунда жогорку чыңалуудагы 58 көмөк чордон оңдоодон өткөрүлөт
23 июнь

Нарын облусунда жогорку чыңалуудагы 58 көмөк чордон оңдоодон өткөрүлөт

Энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында, Нарын Электр Тармактар Ишканасынын көмөк чордон кызматы 2025-жылы, күз-кыш мезгилине даярдыктардын алкагында 58 жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорду оңдоодон өткөрүүнү пландаган.

Аталган кызматтын тейлөөсүндө 35/110/220 кВ кубаттуулуктагы 58 көмөк чордон бар, жылдык иш пландын негизинде жалпы 38 комокчордондо капиталдык оңдоо, ал эми 58 комокчордондо учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүү пландалган.

Бүгүнкү күнгө чейин 24 көмөк чордондо оңдоо иштери жүзөгө ашырылып, анын ичинен 14 көмөк чордондо капиталдык оңдоо иштери ийгиликтүү аткарылды. Бардык электр орнотмолору толук сыноодон өткөрүлүп, аныкталган кемчиликтер толук жоюлду.

Ошондой эле, Карьер, Дон-Алыш, Чаек, Мин-Куш жана Кажырты айылдарындагы 5 көмөк чордондо— сел жана суу каптоо коркунучунан сактоо, алдын алуу максатында иш-чаралар иштелип чыгып, толук кандуу аткарылды. Жыйынтыгында, аталган көмөк чордондор суу ташкынынан жана сел каптоодон корголду.

Мындан тышкары:

- Ак-Талаа районундагы 35/10 кВ «Осоавиахим» комокчордонунда эскилиги жеткен ПСН-35 электр орнотмосунун ордуна заманбап вакуумдук өчүргүч орнотулду.

- Кочкор районундагы 110/10 кВ «Кочкор» комокчордонунда эски НКФ-110 эскилиги жеткен чыңалуу трансформатордун ордуна жаңы технологиялар менен жабдылган элегаздуу чыңалуу трансформатору орнотулду.

Капиталдык курулуш планына ылайык:

- август айында 35/10/6 кв «8-март» КЧда,

- сентябрь айында 35/ 10/6 кв «Он-Арча» КЧ 35 кВ чукул туташтыруучу ажыраткыч (ОДКЗнын) ордуна жаңы вакуумдук өчүргүч орнотуу

- октябрь айында 35/10 (20) кВ «Зермат» КЧда аккумулятордук батареяларды алмаштыруу каралган.

Аталган иштердин бардыгы электр энергиясынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, жабдуулардын коопсуздугун камсыз кылууга жана аймактагы тургундардын үзгүлтүксүз электр менен камсыздалышын камсыздоого багытталган.