«ГУМ» соода борборундагы чыр-чатак боюнча милиция тарабынан тиешелүү чаралар көрүлдү
2026-жылдын 17-сентябрында саат 02:48 чамасында Бишкек ш. ИИББнин «102» кызматына 2004-жылы туулган Д.А. жана 2007-жылы туулган К.А. аттуу жарандар кайрылып, Бишкек шаарындагы «ГУМ» соода борборунун аймагында жайгашкан кафесинде кыздардын ортосунда мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдиришкен.
Аталган факты Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын МЭЖине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.
Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 2007-жылы туулган О.А., 2007-жылы туулган М.А., 2006-жылы туулган С.К. жана 2007-жылы туулган Э.А. аттуу жарандар Бишкек ш. Свердлов РИИБне жеткирилген.
Аталган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинде (Майда бейбаштык) каралган укук бузуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, Свердлов РИИБдин убактылуу кармоочу камерасына киргизилди.
Ошондой эле А.Д. аттуу жаранга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү жолдомо берилди.
