Кыргызстанда бир жумада 21,7 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
23 июнь

Кыргызстанда бир жумада 21,7 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстандын аймагында 16-июндан  22-июнга чейинки аралыкта 21 миң 758 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 663;
  • Мас абалында автоунаа каражатын башкаруу - 271;
  • Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 105;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 646;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 938;
  • Автоээнбаштык - 16;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 165;
  • Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 6;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 9 660.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 288  автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.