Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Ош шаардык бөлүмүнүн имараты жаңыртылды
Ош шаарындагы көп улутту бириктирген “Достук сарайынын” имараты заман талабына ылайык толук жаңыланып, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.
Ремонт иштери мэр Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен башталып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.
Күн мурун жаңыланган “Достук сарайынын” расмий ачылыш аземи өтүп, ага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардагы ар түрдүү этностордун өкүлдөрү катышты.
Ассамблеянын имаратынын чатыры толугу менен жаңыланып, ашканасы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ички жана сырткы бөлүктөрү толук актап-сырдалып, эшик-терезелер жаңысына алмаштырылды. Ошондой эле электр тутумдары жаңыртылып, имараттын ажатканалары да оңдолду.
Мындан тышкары, жаңы эмеректер менен толукталып, имараттын айланасына брусчатка басылып, мекеменин шарттары жакшыртылды.
Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Ош шаардык бөлүмү алгачкы жолу 1994-жылы “Достук сарайы” деген аталыш менен уюштурулган. Бул мекемеде 17 этностун өкүлдөрү бирдикте иш алып барып, шаардагы улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө өз салымдарын кошуп келишет.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Ардак грамотасы тапшырылды. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, ар улуттун даамдарынын көргөзмөсү уюштурулду.
Мэр саамалыктын жүрүшүндө Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Ош шаардык бөлүмүнө кызматтык унаа белек кылууну убадалады.
