Азербайжан Кыргызстанга 10 даана өрт өчүргүч автоунааларды берди
23 март

Азербайжан Кыргызстанга 10 даана өрт өчүргүч автоунааларды берди

Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги президент Ильхам Алиевдин тапшырмасы боюнча Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү. 

Жардам 10 адистештирилген "КамАЗ" үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү унаадан турат. Бул автоунаалар Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган жана тилсиз жоого каршы күрөшүүдө керектүү болгон жабдыктар менен жабдылган.