Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө
11 июнь

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармасы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, имараттын палаталары, коридорлору, инженердик тармактары жана сырты заманбап стандарттарга ылайык жаңыртылууда. Бул мекеме – эне жана баланын саламаттыгына кам көрүүдө өлкө боюнча негизги борборлордун бири.

"Бул иштер президент Садыр Жапаровдун саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча тапшырмасынын алкагында ишке ашууда. Акыркы жылдары республика боюнча ондогон жаңы оорукана, төрөт үйлөрү, ФАПтар курулуп, айрымдары капиталдык оңдоодон өтүүдө. Ошондой эле заманбап жабдуулар сатып алынып, өлкөнүн бардык булуң-бурчтарына жеткирилүүдө", — деди ал.

Туманбаев  10-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аталган борборго жалпы баасы 16,5 миллион сомдук заманбап эндоскопия жабдууларын тапшыргандыгын айтты.