Чүй облусунда «Отработка» рейдинин жүрүшүндө милиция кызматкерлери мал уурулукка шектелген жаш балдардан турган тобун кармашты
2025-жылдын 29-ноябрында саат 00:00дөн 05:00гө чейинки аралыкта белгисиз адамдар Чүй районунун Кош-Коргон айылындагы 1969-ж.т К.Э. атту жарандын жеке турак үйдүн короосуна мыйзамсыз кирип, сарайдан бир жаштагы күрөң түстөгү музоосун жашыруун уурдап кетишкен. Жабырлануучуга 35 000 сомду түзгөн материалдык зыян келтирип. Кылмыш жасалгандан кийин шектүүлөр окуя болгон жерден изин жашырышкан.
Бул факт Чүй РИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-1-беренесинин (Мал уурулук) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
«Отработка» рейдинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери мал уурулукка шектелген адамдарды аныкташты. Алар: 2007-ж.т. И.Ш., 2006 ж.т. А.А., 2007 ж.т. А.З. Шектүүлөр тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн райондук ИИБге жеткирилген.
Тергөө учурунда шектүүлөр уурдалган музоону сатып жибергени аныкталды. Музоо сатып алгандардан алынып, далил катары таанылып жана жабырлануучуга кайтарылып берилген.
Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, 2007-ж.т. И.Ш. жана 2006-ж.т. А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө амалдары улантылууда.
