Таласта дайынсыз жоголгон жылкылар ээлерине кайтарылып берилди
2025-жылдын 30-ноябрь күнү Талас РИИБне Талас районунун 1983-ж.т тургуну М.К. арыз менен кайрылган. Ал өз арызында ушул жылдын октябрь айында жайыттагы төрт баш жылкысы белгисиз себептерден жок болуп жатканын билдирген.
Аталган арыз боюнча Талас РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-Жаза кодексинин 2051-беренесинин (Мал уурдоо) негизинде кылмыш иш козголгон. Талас РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иш алып баруусунун негизинде шектүү катары Талас районунун тургуну 1988-ж.т К.Б аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү К.Б. мындан сырткары дагы үч мал уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталып, жабырлануучу тараптар жалпы 800 000 (сегиз жүз миң) сом олуттуу өлчөмдөгү материалдык чыгымга учураганы белгилүү болгон.
Азыркы учурда жабырлануучуларга келтирилген чыгымдар толугу менен кайтарылып берилип, кошумча тергөө иштери улантылууда.
