Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлерин жумушун үзгүлтүккө учуратпастан санариптик технологияларга үйрөтүү боюнча биринчи адистештирилген окуу программасын ишке киргизди
Кыргыз Республикасында медицина кызматкерлерин кесиптик ишмердигин үзгүлтүккө учуратпастан санариптик технологияларга окутуу боюнча алгачкы адистештирилген программа ишке киргизилди. Программа менен камтылышы мүмкүн болгон медицина кызматкерлеринин саны болжол менен 40 миң адамды түзөт.
Программанын алкагында саламаттык сактоонун санариптик системаларынын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүүгө жана тесттик чөйрөдө практикалык сабактар аркылуу алган билимдерди бекемдөөгө багытталган окуу-усулдук комплекс иштелип чыкты. Угуучулар саламаттык сактоонун бирдиктүү санариптик чөйрөсүндө маалыматтык системалардын өз ара иштешүү принциптерин жана медициналык маалыматтарды алмашуу тартибин үйрөнүшөт.
Санариптик гигиенага, жеке жана медициналык маалыматтарды коргоого, аккаунттардын коопсуздугун камсыз кылууга жана медициналык маалыматтар менен иштөөдө белгиленген талаптарды сактоого өзгөчө көңүл бурулат.
Программа медициналык жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү системасына интеграцияланып, С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун билим берүү платформасына жайгаштырылды. Курстардан өтүү менен кредит-сааттар эсептелет. Санариптик модуль кадрлардын маалыматтык системасы менен интеграцияланган, бул ар бир медицина кызматкери кайсы курстардан өткөнүн жана кайсы курстар ал үчүн милдеттүү экенин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Окутуу кызматка кабыл алынууда киришүү курсу катары, ошондой эле билимдерди, анын ичинде жеке маалыматтарды коргоо боюнча билимдерди жаңыртуу үчүн мезгил-мезгили менен өткөрүлүүчү курстар түрүндө уюштурулат.
Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадиалиев:
«Саламаттык сактоонун санариптик системаларынын натыйжалуулугу түздөн-түз медицина кызматкерлеринин даярдык деңгээлине көз каранды. Ошондуктан биз санариптик технологияларга окутууну санариптик форматта жүргүзүп жатабыз. Мындай ыкма калкка медициналык жардам көрсөтүү процессине тоскоолдук жаратпастан, адистердин максималдуу санын окутууга мүмкүндүк берет», — деп белгиледи.
Иш Кыргыз Республикасынын санариптик трансформация жаатындагы мамлекеттик саясатына ылайык жүргүзүлүп, кагаз түрүндөгү документ жүргүзүүнү кыскартууга, санариптик кызматтарды өнүктүрүүгө жана саламаттык сактоо уюмдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Окуу-усулдук комплекс Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун колдоосу менен БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары фондунун «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоодогу санариптик ажырымды жоюу» биргелешкен программасынын алкагында иштелип чыкты.
