Араванда шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды
Курулуш министрлиги
29 сентябрь

Араванда шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ош облусунун Араван районунда Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Араван райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, архитекторлор жана райондун тургундары катышты.

Министр Нурдан Орунтаев башкармалыктын кызматкерлерин жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, жарандарга сапаттуу жана үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүү, ишти таза жана жоопкерчилик менен алып баруу, ошондой эле аймактын шаар куруу жана инфраструктуралык өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуу зарылдыгын белгиледи.

Жаңы административдик имараттын курулушу 2026-жылдын 19-январында башталган. Имараттын жалпы аянты 580 чарчы метрди түзөт. Долбоор Курулуш министрлигинин ички ресурстарынын эсебинен ишке ашырылып, кызматкерлер үчүн заманбап шарттар түзүлдү.

Буга чейин башкармалыктын кызматкерлери 1963-жылы курулган эски имаратта көп жылдар бою иштеп келишкен.

Белгилей кетсек, курулуш министри Нурдан Орунтаевдин жеке көзөмөлүндө бүгүнкү күндө министрликке караштуу 20га жакын административдик имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул иштер аймактардагы мамлекеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо менен катар, аймактык инфраструктураны өнүктүрүүгө, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.