Мыйзамсыз каматып берүү талабы. Ошто тергөөчүгө 10 миң сом которгон аял кармалды
Ош шаарында милиция кызматкерлери тарабынан 1980-жылы туулган Б.Ж. аттуу жаран пара берүүгө, кылмыш тууралуу билип туруп жалган билдирүү жасоого жана бейбаштыкка шектелип кармалды.
Тергөөдө аныкталгандай, Б.Ж. Ош ШИИБдин тергөөчүсүнө мыйзамсыз процессуалдык аракеттерди жасатуу максатында (бирөөнү мыйзамсыз каматып берүү талабы менен) 9 миң сом өлчөмүндө параны бир нече жолу сунуштап, акча каражатын анын банктык эсебине которгон. Бирок тергөөчү пара алуудан баш тартып, акчаны кайтарып берген.
Бул факты боюнча 2026-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон. 29-августта Б.Ж.га айып угузулган.
Мындан тышкары, Б.Ж. 2025-жылы Ош шаардык прокуратурасына тергөөчүлөр тарабынан 10 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алынгандыгы тууралуу жалган билдирүү менен кайрылган. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында бул маалыматтар ырасталган эмес.
Аталган факты боюнча 2026-жылдын 18-августунда Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренеси (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) менен кылмыш иши козголуп.
