Президент өлкөдө дарыгерлердин орточо айлыгы 1-апрелден тарта 50 миң сомго жетерин билдирди
25 декабрь

Президент өлкөдө дарыгерлердин орточо айлыгы 1-апрелден тарта 50 миң сомго жетерин билдирди

Учурда дарыгерлердин орточо айлыгы 31 миң 500  сомду түзөт, ал эми 2026-жылдын 1-апрелинен тарта 62 миң 500 сомду түзүп, колуна 50 миң сомдун тегерегин алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда билдирди.

Анын айтымына караганда, шаар жергесинде тажрыйбасы жок бир ставка менен жаңы иштеп баштаган дарыгердин айлыгы учурда 16 900 сомду түзөт, ал эми көбөйгөндөн кийин 42 100 сомду түзүп, колуна 35 500 сом алат.

"Алыскы тоолуу аймакта жогорку квалификациялык категориядагы жана 30 жылдык иш тажрыйбасы бар бир ставка менен эмгектенген дарыгердин айлыгы 91 700 сомду түзүп, колуна 75 700 сомдун тегерегин алат", – деди ал.