Баткенде бүгүн 11 объект пайдаланууга берилди — тизме
25 декабрь

Баткенде бүгүн 11 объект пайдаланууга берилди — тизме

Бүгүн 25-декабрда, IV Элдик курултайдын ачылышында президенти Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда, өлкөдө 94 объект ачылды.

Анын алкагында Баткен облусунда 11 объект пайдаланууга берилди.

Анын ичинен 3 өндүрүш ишканасы, 7 социалдык объект, 1 жол.

Алар;

Жол тармагы

1. Баткен районунун Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу

Өндүрүш ишканалары;

2. Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Булак-Башы айылындагы “Мега Газаблок” ишканасы

3. Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын “Сүлүктү” 11-талаа көмүр кени

4. Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Коргон айылындагы логистикалык борбор

Социалдык мекемелер;

5. Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагынын Кара-Дөбө айылындагы 225 орундуу З.М.Бабур атындагы мектеби

6. Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Айбике айылындагы №27 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты

7. Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Баул айылындагы №19 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты

8. Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылындагы Үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунун имараты

9. Лейлек районунун Кулунду айылындагы Т.Жолдошев атындагы орто мектеби капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү

10. Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Охна айылындагы гимназия мектеби капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү

11. Сүлүктү шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборукапиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү