Токтогул – Беш-Таш жолунун 6 чакырымы асфальтталат
16 июль

Токтогул – Беш-Таш жолунун 6 чакырымы асфальтталат

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сырбаев бүгүн, 16-июлда Токтогул районуна иш сапары менен барды.

Ведомстводон билдиришкендей, анын алкагында министр жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын суроо-талабын укту.

Жергиликтүү тургундар Токтогул – Беш-Таш жолун оңдоо зарылдыгын айтышты.

Министр Абсаттар Сырбаев аталган жолдун 6 км асфальттоо иштерин баштоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Жол оңдоо иштерин №23 жол тейлөө ишканасы жүргүзөт.