Сокулуктагы парктын курулушу: Ташиевдин сапарынан кийин чиновниктер жана подрядчылар кармалды
16 июль

Сокулуктагы парктын курулушу: Ташиевдин сапарынан кийин чиновниктер жана подрядчылар кармалды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 16-июлда Сокулук районунун Новопавловка айылына барып, парктын курулушунун айланасындагы абал менен жеринде таанышты.

Тургундар курулуш иштеринин сапатсыз жүргүзүлүп жаткандыгы жана бюджеттик каражаттын максатсыз пайдаланылгандыгы боюнча кайрылуу жасашкан. Ташиев жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда подрядчылардын жана жооптуу кызматкерлердин нааразычылыгын укту.

Анын көрсөтмөсү менен айыл өкмөт башчысы, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана техникалык көзөмөл кызматкери кармалган.

УКМК кармалгандардын аракетинде коррупциянын, шалаакылыктын жана бюджеттик каражаттарды натыйжасыз пайдалануунун белгилери байкалганын билдирди.

Ташиев мамлекеттик акча өз максатына жумшалышы керектигин баса белгиледи:

«Президент ачык эле айтты: уурулук кылсаң 10 эселеп кайтарып, түрмөгө отурасың. Уктуңарбы? Айыл өкмөт башчысынан тартып, техникалык көзөмөлгө чейин камагыла. Объективдүү иликтөө жүргүзүп, жоопко тарткыла», - деди.