Ош шаарында 106 жаран үйлүү болду
Ош мэриясы
1 май

Ош шаарында 106 жаран үйлүү болду

Бүгүн, 1-майда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан «Үлүштүк курулуш» долбоорунун алкагында курулган көп кабаттуу турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышып, жаңы конуш ээлерин куттуктап, батир ээлерине ачкычтарды салтанаттуу түрдө тапшырышты.

Шаар мэри өз сөзүндө көп кабаттуу турак жай ээлерин куттуктап, жарандарды муниципалдык ипотекалык ишканадан батир алууга чакырды. Ошондой эле курулуш иштери мэриянын түз көзөмөлүндө жүргүзүлүп, сапаты жана ачыктыгы камсыздалып жатканын белгиледи.

Набережная көчөсү №3 дарегиндеги 9 кабаттуу үй 106 батирден турат. Долбоор мэриянын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан ишке ашырылып, жарандардын каражаттары келишимдин негизинде курулушка багытталган.