Ала-Букадагы сел эки унааны жана эки көпүрөнү агызып кетти
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы сел эки унааны жана эки көпүрөнү агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Такталган маалымат боюнча бүгүн, 14-апрелде Ак-Тайлак айылында мөндүр аралаш жамгырдан улам кокту-колоттордон сел жүргөн.
Жабыр тарткандар жок.
Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 2 оор инженердик техника тартылып, ички жоллор калынбына келтирилип, Көк-Таш, Көк-Серек айылдарына баруучу жол эки тараптуу ачылды.
Жерине тактоо жумуштары Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тарабынан жүрүүдө жана абал көзөмөлгө алынууда.
