Жалал-Абад шаарында 57,05 чакырым СИП зымдары тартылат
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Жалал-Абад РЭТинин кызматкерлери Жалал-Абад шаарынын Гулистан, Чолок-Терек, Ынтымак айылдарында жана Курманбек кичи шаарчасынын кээ бир көчөлөрүндө эскирген электр зымдарын алмаштырат.
- Курманбек кичи шаарчасында 3 чакырым 10кВ жана 6,2 чакырым 0,4кВ;
- Ынтымак айылында 6,2 чакырым 10кВ, 12,5 чакырым 04кВ;
- Чолок-Терек айылында 6,14 чакырым 10кВ, 14,08 чакырым 04кВ;
- Кыргызстан айылында 2,26 чакырым 10кВ, 13,18 чакырым 0,4кВ;
- Гулистан айылында 1,4 чакырым 10кВ, 4,59 чакырым 0,4кВ СИП аба чубалгысы тартылат.
СИП зымдарына өтүүнүн эң башкы себеби ал катаал аба ырайына туруштук берип, бак дарактардын кесепетинен орун алуучу авариялык өчүүлөрдү толугу менен жоёт.
Жогоруда аталган айылдарда реконструкциянын алкагында 38,05 чакырым 0,4 кВ, 19 чакырым 10 кВ СИП зымдары тартылып, авариялык абалдагы 460 даана жыгач мамычалар жаңы темир бетон мамычага алмашат. Ошондой эле Жалал-Абад шаарында 321 чакырым 0,4 кВ, 219 чакырым 6-10 кВ аба чубалгы техникалык кароодон өтөт.
Мындан сырткары Жалал-Абад район электр тармактарынын карамагында 352 даана трансформатор болсо, анын 2025 - жылдагы иш мерчеминин негизинде 22 даана трансформатор капиталдык оңдооодон өтүп,158 даана трансформатор техникалык кароодон өткөрүлөт.
Жогорудагы иштердин бардыгы берилген электр энергиясынын сапатын жогорулатууга жана күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтууга мүмкүндүк берет. Оңдоп - түзөө жумуштары үстүбүздөгү жылдын март айынан тартып, ноябрь айына айына чейин жүргүзүлөт. Эске алсак, Жалал-Абад шаарында 38 645 керектөөчү бар.
