Ош базардын ордуна сейил бак курулат
22 март

Ош базардын ордуна сейил бак курулат

Ош базары шаардын сыртындагы жаңы жайга көчүрүп, азыркы базардын ордун сейил бак курулат. Мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров койгон. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымына караганда, Бишкектеги белгилүү Ош базары 1983-жылы расмий негизделгенден бери шаардыктарга үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүп келет. Бирок учурда базардын инфраструктурасы заманбап талаптарга жооп бербей, соодагерлер жана сатып алуучулар үчүн ыңгайсыз.

«Жайында ысык, кышында суук, кардан, жамгырдан коргогог эч шарты жок. Жаңы базар жабык, жайында кондиционер, кышында жылуу болот. Азыркы базар, шаардагы жол тыгындарынын негизги себептеринин бири деп айтсам дагы болот.

Жаңы «Ош базары» – аэропортко кетип жаткандагы жолдун боюна курулуп жатканын көрсөңүздөр керек. Инфраструктурасы толугу менен жаңыртылган, ыңгайлуу жана заманбап соода борбору болот. Азыркы Ош базарга караганда аянты 4-5 эсеге чоң болот.

Бул ири соода комплексинин курамына ар кандай дүкөндөр, соода павильондору, кафелер, унаа токтотуучу жайлар жана башка кызмат көрсөтүүчү жайлар кирет», – деди ал.