Борбордук милиция кызматкерлери ири өлчөмдөгү интернет-алдамчылыкка шектүүлөрдү кармашты
20 ноябрь

Борбордук милиция кызматкерлери ири өлчөмдөгү интернет-алдамчылыкка шектүүлөрдү кармашты

2025-жылдын 14-ноябрында К.Т. аттуу жаран Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин Тергөө кызматына белгисиз адамдарга чара боюнча арыз менен кайрылган. Анда, кылмышкерлер белгисиз номурлардан телефон аркылуу чалып, өздөрүн УКМКнын жана Улуттук банктын укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары көрсөтүп, алдоо жолу менен анын ишенимине кирип, 973 миң 900 сом акча каражатын ээлеп алышкан.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө борбор калаанын милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган И.Д., жана 2003-жылы туулган С.А. кармалып, алар Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын Убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Кармалган шектүүлөр банк карталарын “Telegram” каналы аркылуу сатып алып, алдамчылык схемага жол берип, кылмыштуу кирешелерди накталай акчага айлантууга шарт түзүп беришкени аныкталган.

Учурда бул онлайн алдамчылык схемасына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тергөө иштери уланууда.

Жарандарга кайрылуу‼️

Борбордук милиция шаар тургундарын өтө этият болууга жана жеке маалыматтарын, банк карталарын, ПИН-коддорун жана башка купуя маалыматтарын үчүнчү жактарга бербөөгө чакырат. Укук коргоо кызматкерлери эч качан телефон аркылуу картанын реквизиттерин, SMS коддорун же башка каржылык маалыматтарды сурашпайт.

Эгерде сизге шектүү чалуулар, билдирүүлөр келип түшсө же шектүү операцияларды жасоого аракет кылсаңыз, дароо “102” кызматына же жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылууңуз керек.