Талас шаарында көмүр баасына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
28 октябрь

Талас шаарында көмүр баасына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Талас шаарынын мэриясы жана монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан шаар аймагында көмүр саткан жеке ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан атайын бекитилген баадан жогору сатпоо эскертилди.

Мэрия өкүлдөрү белгилешкендей, эгер көмүр баасында негизсиз өсүү катталса, тиешелүү чаралар көрүлөрү айтылды.

Бекитилген баага ылайык:

• Жергиликтүү көмүрдүн баасы – 1 тоннасы 6 700 сом, капталган көмүрдүн чекене баасы – 1кг – 7 сом 50 тыйындан
• Маймак станциясынан ташылып келген импорттук көмүр – 1 тоннасы 8 900, капталган көмүрдүн чекене баасы, 1кг – 9 сом 80 тыйындан жогору сатылбашы керек.

Көмүрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана калк үчүн баанын туруктуулугун сактоо боюнча иштер улантылмакчы.