Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты санариптештирүү – реалдуу жыйнтыкттар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр
8 август

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты санариптештирүү – реалдуу жыйнтыкттар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгыныны жыйытыгын чыгарып жатып директордун орун басары Индира Шаршенова жыйында санариптик трансформациянын алкагында чоң жетишкендиктерге токтолду. Агенттик тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат өтөө процесстерин  («е-Kyzmat») жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү («Санарип аймак») сыяктуу эки негизги багыт боюнча системдүү иштер жүргүзүлүүдө.

«е-Kyzmat» – маалыматтарга негизделген башкаруунун негизги куралы

«е-Kyzmat» системасы – мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын бардык этаптагы кызмат өтөө процесстери боюнча ырааттуу маалымат булагы болуп калды. Бул система кадрдык башкарууну оптималдаштырып, аналитикалык чечимдерди кабыл алууга чоң өбөлгө түзүүдө.

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгына ылайык, «е-Kyzmat» маалыматтык тутумунда 222 289 кызматкер тууралуу маалымат камтылган. Алардын ичинен:

  • 174 160 – учурда иштеп жаткан кызматкерлер,
  • 48 129 – резюме банкындагы талапкерлер.

Аталган маалыматтар 2024-жылга салыштырмалуу 10,1% өсүштү көрсөтүп, туруктуу өнүгүүнүн далили болуп калды.

«Ишин баалоо» – ачык-айкын жетекчилик баалоо системасы

Президенттин 2022-жылдын 22-ноябрындагы №22 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, мамлекеттик жана ЖӨБ органдарынын аппарат жетекчилеринин ишмердүүлүгүн баалоо үчүн «Ишин баалоо» модулу иштелип чыгып, 2025-жылдын январь айынан тарта өндүрүшкө киргизилди.

Бүгүнкү күндө 70 аппарат жетекчиси жаңы система аркылуу бааланып, рейтингдер автоматтык түрдө түзүлүүдө. Ар бир кызматкер өзүнүн жетекчисин ачык жана анонимдүү түрдө баалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, бул башкаруунун сапатын жакшыртууга шарт түздү.

Электрондук эмгек китепчеси – жаңы доордун башталышы

2025-жылдын 5-июнунан баштап, Кыргыз Республикасынын Администрациясынын 2019-жылдын 31-декабрындагы №744 токтомунун негизинде «Электрондук эмгек китепчеси» модулу (https://ek.gov.kg/) өнөр жайлык пайдаланууга берилди. Бул демилге кагаз жүзүндөгү маалыматтардан толук баш тартып, мамлекеттик кызматтардагы иш таржымалдарды электрондук түрдө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жаратты.

Отчеттуулукту автоматташтыруу – натыйжалуу башкаруунун негизи

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында кагаз жүзүндөгү отчетторду жоюу максатында 12 автоматташтырылган отчет иштелип чыкты:

АИС «е-Kyzmat» тутумунда:

  • Уюмдардын уюштуруу түзүмү боюнча отчет
  • № Г1 кварталдык форма – “Дайындоо жана бошотуу”
  • № Г2 жылдык форма – “Мамлекеттик кызматчылардын сапаттык курамы”
  • № М2 жылдык форма – “Муниципалдык кызматчылардын сапаттык курамы”
  • АИС «Резерв кадров» тутумунда:
  • МКР жана РКРнын сапаттык курамы
  • Арыз тапшыргандардын курамы
  • Тестирлөөнүн жыйынтыктары
  • Бош кызматтар боюнча отчет
  • Жалпы жана күнүмдүк жыйнак отчеттор
  • Портал мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө
  • Бүгүнкү күндө «е-Kyzmat» системасында:
  • Бош кызмат орундарынын маалыматтары
  • Тестирлөөнүн графиктери жана жыйынтыктары
  • МКР жана РКР резервисттеринин тизмеси
  • Онлайн сыноо тесттери жеткиликтүү болуп калды