ӨКМ эскертет! Унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактагыла
Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Кыргызстан аймагында 8-9-декабрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Андыктан ӨКМ айдоочуларга жана жол жүрүүчүлөргө эскертет:
- унааңыздын жайкы дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырыңыз. Жайкы дөңгөлөктүү унаалар “Сосновка”, “Арал” постторунан өткөрүлбөйт!
- алыскы жолго чыгууда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алыңыз;
- унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактаңыз;
- Зарылчылыгы жок болсо, алыска жол жүрүүнү башка күндөргө жылдырыңыз!
Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
