Бишкекте бычак көтөрүп, адамды кубалаган жаран кармалды
17 сентябрь

Бишкекте бычак көтөрүп, адамды кубалаган жаран кармалды

Бишкек ШИИББдин «102» кызматына Жантошев жана Ж. Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болжолдуу түрдө бычак көтөргөн белгисиз адам башка бир эркек кишини кууп бара жатканы, ал адамдын кийими жок жана денесинде кандын издери байкалганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо милициянын кайгуул-күзөт кызматынын экипажы жөнөтүлгөн.

Милиция кызматкерлери келгенден кийин 1977-жылы туулган З.А. аттуу жаран №4 шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилип, андан соң тиешелүү териштирүү жүргүзүү үчүн тергөө кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1977-жылы туулган З.А., райондук башкармалыкка жеткирилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган жаранга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү. Мыйзам талаптарына ылайык, аталган жаран кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.