Кыргызстанда балдарына алимент төлөөчү энелердин саны көбөйүүдө
28 октябрь

Кыргызстанда балдарына алимент төлөөчү энелердин саны көбөйүүдө

Башкы прокуратуранын Прокурордун сот өндүрүшүнө катышуусу жана соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын улук прокурору Омурбек Аблабековдун “Биринчи радионун” түз эфиринде билдиргенине караганда, өлкөдө акыркы учурда алимент боюнча карызкор энелердин да катары өстү.

Айтымында, Кыргызстанда алимент жашы жете элек балдарга, эмгекке жарамсыз жубайга, улгайган курактагы ата-энеге жана мыйзамга ылайык, үй-бүлөнүн айрым мүчөлөрүнө чегерилет. 2025-жылдын 9 айындагы статистика – республика боюнча 56 930 алименттик милдеттенмелер белгиленген. Анын 45 708и өндүрүлгөн.

“Алиментти ата же эне бала 18 жашка чыкканга чейин ай сайын милдеттүү түрдө төлөшү керек. Бул боюнча сот чечими чыккандан кийин соттук актынын негизинде аткаруу кызматына түшөт дагы, ал жактан сот аткаруучулар аны мыйзам чегинде өндүрүүгө аракет жасашат. Бизде практика болуп калган, алимент боюнча карызкорлорду көбүнчө эркектер деп түшүнөбүз. Бирок акыркы учурда энелер да катталууда. Анализдерге ылайык, өсүү динамикасы да байкалып жатат, жеке оюмда, бул абдан терс көрүнүш. Өз балдарын багуудан баш тарткан энелер дагы карызкор катары биздин аткаруу өндүрүшүндө турушат”, – деди Аблабеков.

Ал белгилегендей, 56 930 алименттик милдеттенмелердин арасында 300ү энелерге тиешелүү. Мындан беш-алты жыл мурда өлкө боюнча энелерге тиешелүү карызкорлук 20 чакты гана болчу, а 2025-жылы бул көрсөткүч 300гө жетти.

Пайыздык корсоткуч аз 56 минден 300у. Беш алты жылга салыштырмалуу 20га гана жетпеген ондуруш болчу, быйыл 300дон ашты.