ЖАМКнын No8 мекемесинде набайкана ачылып, өндүрүш иштери кеңейүүдө
Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылында жайгашкан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) No8 мекемесинде жаңы набайкана ишке киргизилип, соттолгондорду эмгекке тартуу багытында дагы бир кадам жасалды. Аталган ишкана мекемедеги 14 соттолгон адамды туруктуу жумуш менен камсыз кылды.
Эмгекке тартуу жана социалдык реабилитациялоо максатында мекемеде өндүрүш тармактары активдүү өнүктүрүлүүдө. Учурда бул жерде устачылык колкаптарды тигүү цехи ийгиликтүү иштеп жатат. Орточо алганда, күнүнө 5000ге жакын колкап өндүрүлүп, бул багытта 38 соттолгон иштеп жатат. Өндүрүш процессине 35 даана атайын техникалык жабдуулар тартылган. Жакын арада дагы 200 жаңы тигүү жабдууларынын келүүсү күтүлүүдө.
Мындан тышкары, мекемеде 70 даана кийим тигүүчү машина орнотулуп, аларды жакынкы күндөрү ишке киргизүү пландалууда. Бардык тиешелүү шаймандар орнотулуп бүткөн. Бул цехте жалпысынан 150гө жакын соттолгон адамды жумуш менен камсыз кылуу көздөлүүдө.
Ал эми ширетүүчү цехте учурда 27 соттолгон иштеп жатат. Бардык өндүрүш тармактары соттолгондордун кесиптик көндүмдөрүн калыптандырууга, коомго адаптациясын жеңилдетүүгө жана рецидивди азайтууга багытталган.
ЖАМКнын жетекчилиги мындай демилгелердин соттолгондорду кайра коомго адаптациялоодо жана аларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүүдө чоң мааниси бар экенин белгиледи.
