Исраилов: Снос жакшы, бирок үйү сноско кабылган адамдарга кенемте төлөөнү кеңейтүү керек
11 июнь

Исраилов: Снос жакшы, бирок үйү сноско кабылган адамдарга кенемте төлөөнү кеңейтүү керек

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азамат Исраилов Ош шаарындагы сноско кабылган үйлөрдүн ээлеринин маселесин тийиштүү тарапка жеткирди. 

“Ошто азыр снос деген сөз популярдуу болуп жатат. Бул учурдагы ушундай абалга кабылгандарга оор көрүнүшү мүмкүн, бирок келечекте баары рахматын айтат. Анткен менен медалдын эки тарабы бар: снос башталгандан кийин акча каражатын да кененирээк чечип берсеңиздер. Себеби, үй-жайы сноско кеткендердин арасында бюджетниктер, аз камсыз үй-бүлөлөр көп экен. Аларга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүү туура болот деп эсептейм”, – деди депутат. 

Ошондой эле, ал Кыргызстанда дары-дармектерди изилдеген лабораториялар жоктугун белгилеп, фармацевтикалык компаниялар бул ишти жасоо үчүн башка өлкөлөргө кайрылышаарын жана мындан улам акча башка өлкөлөргө түшүп жатканын айтты. Депутат Саламаттыкты сактоо министрлигине жана МинКабга бул маселени чечүү сунушун жолдоду.