Караколдо ипотекалык турак жайлардын алгачкы үйлөрү быйыл пайдаланууга берилет
14 апрель

Караколдо ипотекалык турак жайлардын алгачкы үйлөрү быйыл пайдаланууга берилет

Караколдо ипотекалык турак жайлардын алгачкы үйлөрү быйыл пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бүгүн Каракол шаарындагы ипотекалык курулуштар менен президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев таанышып чыкты.

Каракол шаарынын башкы планынын алкагында 30 гектардан ашуун жерге 69 көп кабаттуу үй курулуп, жалпы 3105 батир даярдалууда.

Каныбек Туманбаев белгилегендей, быйыл алгачкы үйлөр толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Курулуш иштери активдүү улантылып, жыл аягына чейин бир нече үй ээлерине тапшырылары күтүлүүдө.

Бул — мамлекет тарабынан үйгө муктаж болгон мугалимдерди, дарыгерлерди жана карапайым жарандарды турак жай менен камсыз кылууга багытталган ири социалдык долбоор.