Ала-Бука районунда сел жүрдү
14 апрель

Ала-Бука районунда сел жүрдү

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Алдын ала маалымат боюнча, Ак-Тайлак айылында бүгүн болжол менен саат 15:30 чамасында мөндүр аралаш жамгыр жааган.  Андан улам кокту-колоттордон сел суулары түшүп, 1 турак үйдүн короосун сел суулары каптаган жана “ВАЗ 2017” үлгүсүндөгү автоунааны сел агызып келип, көпүрөнүн жогору тарабына токтоп калган.

Аталган аймакка ӨКМдин Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары тартылып, тактоо жумуштары жүрүүдө жана абал көзөмөлгө алынууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, тоолу аймактарда сел жүрүшү күтүлөрүн эскерткен.

Ошону менен катар ӨКМ жетекчилиги тарабынан сел өтүүчү арык-каналдарды тазалап, жергиликтүү бийлик менен коркунуч жараткан суу жээктерин бекемдөө жумуштарын күчөтүү жумуштарын алып баруу тапшырмасы коюлган.

Кошумча маалымат берилет.