Изилдөө: Үй менен жумуштун аралыгы жакын болсо, адам стресске көп кабылбайт
Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүндө жумуш издөө жана жумушчуларды табуу боюнча алдыңкы платформа HeadHunter (headhunter.kg) кезектеги сурамжылоосун жарыялады.
Бул сапар үй менен жумуштун аралыгы адамдын акыбалына канчалык таасир берери изилденген.
Жумуш күнү башталбай жатып, сиз өтө көп жолду басып, чарчап келдиңиз. Чоң шаарлардын жашоочулары үчүн офиске чейинки жана артка карай жол күн сайын 2 сааттан 4 саатка чейин убакытты алат. Бир айды эсептегенде 46 сааттан ашуун. Толук эки сутка – аны спорт менен машыгууга, эс алууга, достор менен жолугууга же болбосо үй-бүлө менен өткөрүүгө коротсок болмок да.
Жумуш менен үйдүн аралыгы жашоо сапатына, стресстин деңгээлине жана иштиктүүлүккө канчалык таасирин берээрин жумуш издөө жана кызматкерлерди табуу боюнча Кыргызстандагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү алдыңкы платформа HeadHunter 100дөн ашуун кыргызстандык жумуш издөөчүлөрдөн жана жумуш берүүчүлөрдөн сурамжылоо жүргүзгөн.
Изилдөө эмнени айтууда
Вашингтон университетинин окумуштууларынын изилдөөсү боюнча көп убакыт жол тыгында туруу артериалдык кан басымды көтөрөт, ал 24 саатка чейин кармалышы мүмкүн. Себеп – бир гана стресс эмес, абанын булганышы дагы. А Түштүк Кореянын Инха университетинин сурамжылоосу узак убакыт жол жүрүүнүн дагы бир терс таасиин көрсөткөн – бул физикалык эмес, психологиялык көйгөй.
Жол жана депрессия
Корей изилдөөсүнүн жыйынтыгына ылайык, жумушуна баруу үчүн бир сааттан ашык убакыт короткон адамдар 30 мүнөт убакыт короткон адамдарга караганда депрессияга 16 пайызга көп кабылышат. Окумуштуулар түз себептер аныкталган эмес, бирок никеде турбаган, балдары жок жана жумасына 52 сааттан көп убакыт иштеген эркектерге терс таасир көбүрөөк тиет.
Ал эми HeadHunter (headhunter.kg) жүргүзгөн сурамжылоодо кыргызстандыктар эмне дешти.
Жол канча убактыңызды алат?
• 20 пайызы гана офиске жөө 15 мүнөттө барат.
• 31 пайызы транспорт менен барат жана 15 мүнөттөн 30 мүнөткө чейин убакыт кетирет.
• 28 пайызы 30 мүнөттөн 60 мүнөткө чейинки убактысын жолго калтырат.
• 21 пайызы бир тарапка эле бир сааттан ашык жол жүрөт.
Ар бир бешинчи үчүн бул күнүнө дээрлик эки саат. Бул убакыт ичинде тамактанып, машыгып же медитация кылууга болоор эле.
Жумушка эмне менен барасыз?
• 51% – коомдук транспорт.
• 21% – жеке автоунаа.
• 14% – жөө.
• 2% – велосипед же самокат.
• 12% – такси, күн сайын колдонуу жеке бюджетке байкалаарлык оорчулук келтирет.
Жол = стресс?
• 18% жумушка барчу жол нервди алаарын белгилешкен.
• 35% жол тыгында стресс болушат.
• 29% маанайына жараша реакция кылат.
• 15%ы гана өзүн комфорттуу сезээрин айтышкан.
Кыжыр келтирген факторлордун Топ-4ү:
• Жол тыгын – 27%.
• Транспортту көпкө күтүү – 23%.
• Транспорттогу тыгылышуу – 23%.
• Жол киренин кымбатташы – 8%.
Эгер жумушуңуз үйүңүзгө жакын болсо, эмне өзгөрмөк эле?
• 39% – күнүн бир топ мыкты пландай алаарына ишенет.
• 30% – энергиясы көп болмок.
• 17% – стресстин деңгээли азаймак.
• 11% – үйүнө жакын жерде же аралыктан иштейт.
Жакын жердеги жумуш – бул бир гана ыңгайлуулук эмес, а өзүнүн бакыбаттуулугуна реалдуу салым.
Аралыктан иштөө тууралуу эмне дейсиз?
• 35% – үйдөн иштөөнү жактырышат.
• 33% – гибриддик форматты тандашмак: күндүн жарымын офисте, жарымын үйдөн иштеп.
• 29% – офисти жемиштүү иштөө үчүн маанилүү деп эсептешет.
Кыялдагы жумуш кайда?
Кыргызстандыктарга ошондой эле офистин кандай жайгашуусу сиз үчүн идеалдуу болмок жана эмне үчүн деген суроо берилген. Жооптор өтө жеке мааниде, ошол эле убакта көпчүлүк үчүн тааныш көрүнүш болду:
“Менин жумушум үйүмдөн 5 мүнөттүк аралыкта жайгашкан. Жол тыгындары көп болгон Бишкекте бул чыныгы куткаруу. Жолго канча аз убакыт кетсе – жашоого ошончо көп убакыт калат. Аба ырайы жакшы кезде жөө барам. Түшкү тамактануу маалында үйгө келип кете алам. Ыңгайлуу жана эркиндик”.
“Мен вахта ыкмасы менен иштейм. Бул мен үчүн идеалдуу вариант, күн сайын жол тыгынга кабылууга туура келбейт”.
“Жол тыгында калбоо үчүн күн сайын жумушка жөө барып келем. Ага 30 мүнөт кетет”.
Бул жооптор универсалуу рецепт жоктугун айгинелейт. Кимдир бирөөгө түшкү тамактануу маалда үйдө болууну кааласа, кимдир бирөөгө эртең менен жумушка жөө басып баруу маанилүү. А кимдир бирөө аралыгына карабай ырахат алып келген жумуш менен алек болууну кыялданат.
