Бишкекте турак үйдөн ири өрт чыкты
Бишкектин Ленин районундагы Чоң-Арык айылында турак үйдөн ири өрт чыкты. Кырсык 2-апрелде катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жерине жалпы 3 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризисттик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ тартылды.
Бир турак үйдөн чыккан өрт эки тарабындагы кошуна үйлөргө өтүп, үч турак үй жабыркаган.
Жеринде иш алып барган ыкчам штабдын берген маалыматына ылайык, өрттүн жалпы аянты болжол менен 240-250 чарчы метрди түзгөн.
Жабыркагандар жок.
