Кыргызстандын аймагында жер титиреди
Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө 19-декабрда саат 20:52де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга (Бор-Дөбө айылынан 10 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
