Абалы туруксуз. Вьетнамда оор абалда жаткан Кыргызстандын жараны табылды 
22 март

Абалы туруксуз. Вьетнамда оор абалда жаткан Кыргызстандын жараны табылды 

Кыргызстандын жараны Вьетнамда ооруканада оор абалда жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 19-мартында, 1975-жылы туулган Кыргызстандын жараны С.А. Нячанг шаарындагы мейманканалардын биринен эс-учун жоготкон абалда табылып, ооруканага жеткирилген.

Жаранда олуттуу жаракаттар жана татаалдашуулар аныкталган, анын абалы туруксуз. Хошимин шаарындагы медициналык мекемеге көчүрүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Кыргызстандын Кореядагы элчилиги жергиликтүү органдар менен тыгыз кызматташып, жабыркаган жаранга керектүү жардамды көрсөтүп жатат жана жанында жүргөн Кыргызстандын жарандары менен тыгыз байланышта болууда.

Бул маселе КР Тышкы иштер министрлигинин жана КРнын Кореядагы элчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.