ЖАМКнын мекемелеринде соттолгондор Нооруз майрамын белгилешти
22 март

ЖАМКнын мекемелеринде соттолгондор Нооруз майрамын белгилешти

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) түзөтүү мекемелеринде Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү. Соттолгондор үчүн спорттук жана интеллектуалдык мелдештер уюштурулуп, анда алар күчүн, шамдагайлыгын жана акыл жөндөмүн көрсөтө алышты. 

Майрамдын алкагында футбол жана волейбол боюнча беттештер, армрестлинг жана шахмат боюнча турнирлер, ошондой эле аркан тартыш сыяктуу улуттук оюндар өттү. Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери көрсөткөн чеберчилиги жана спорттук духу үчүн медалдар жана грамоталар менен сыйланышты. 

№2-аялдар абагында майрамдык концерт болуп, анда соттолгондор  чыгармачылык таланттарын көрсөтө алышты. Коомузда музыкалык номерлер коюлуп, улуттук каада-салттарды жана кол өнөрчүлүктү чагылдырган колго жасалган буюмдардын көргөзмөсү уюштурулду. Майрамдын урматына аялдар да сүмөлөк даярдашты — бул бакубаттуулукту символдоштурган салттуу тамак. 

Нооруз майрамын белгилөө соттолгондордун руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын бекемдөө жана патриоттук сезимин күчөөтү боюнча программанын бир бөлүгү болду. Мындай иш-чараларды өткөрүү позитивдүү багыттардын калыптанышына, моралдык духтун бекемделишине жана соттолгондордун мындан ары ийгиликтүү кайра коомго кошууга өбөлгө түзөт.