Россиядагы Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн алкагында мекендештер менен жолугушуу болду
23 октябрь

Россиядагы Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн алкагында мекендештер менен жолугушуу болду

Москва шаарында 21-октябрда Россиядагы Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн алкагында мекендештер менен жолугушуу болуп өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин жана президенттик администрациясынын өкүлдөрү катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өз сөзүндө Россияда жашаган кыргызстандыктарга өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, акыркы жылдардагы Кыргызстандын экономикалык жана социалдык жетишкендиктери тууралуу кеңири айтып, чет өлкөдөгү мекендештер менен алакаларды сактоонун жана чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын президентинин жардамчысы Алманбет Шыкмаматов мамлекет Садыр Жапаровдун куттуктоо сөзүн окуп, Россияда жашаган кыргызстандыктарга жылуу каалоо-тилектерин жана колдоосун билдирди.

Жолугушуу Кыргызстандын искусство чеберлеринин эстрадалык жана фольклордук концерттик программасы менен коштолду. Тарыхый жана маданий мурастарды чагылдырган программа көрүүчүлөрдүн чоң алкышына ээ болду.

Иш-чаранын жыйынтык сөзүн Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев сүйлөдү. Ал бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо жана эки өлкөнүн маданий кызматташтыктын маанисин белгиледи.

Жолугушууга 3500дөн ашуун адам катышты.

Россиядагы Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн алкагында өткөн иш-чаралар кыргыз эли менен чет өлкөдө жашаган өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө, ошондой эле Кыргызстандын маданиятын эл аралык аренада жайылтууга дагы бир маанилүү кадам болду.